Кочкор районундагы Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде февраль айында “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” (ФРН) аркылуу 3 айлык акы төлөнүүчү кыска курстар ачылган. Курстун бүтүрүүчүлөрү окуусун ийгиликтүү аякташып сертификаттарга ээ болушту.
Гүлмира Исмаилова:
“Биз Ж. Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейде 3 айлык курстун тикмечи кесибин нөлдөн баштап үйрөндүк. Бул кыска курс (ФРН) “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” аркылуу ачылып, жарнама жарыяланып ошол жактан угуп, келип окудум. Себеби: азыркы учурда биздин өлкөдө “тикмечилик” жакшы өнүгүп жаткандыгына байланыштуу, ушул кесипти тандап алдым. Менин мугалим устаттарым Роза эже, Үмүт эже бизге баардык билген тажрыйбаларын башынан аягына чейин үйрөтүштү. Дагы белгилеп айта кетчү нерсе ФРН фонду, бизге жана жумушсуз кыз-келиндерге көмөк көрсөтүп, атайын ушул сыяктуу курстарды ачышып жана окуунун 70 пайызын камсыздап беришти, бул биз үчүн эң сонун жардам болду, ыраазычылыгымды билдиремин, азыркы учурда заказдарды алып, өзүмө каражат таба баштадым”, — деди бүтүрүүчүлөрдүн бири Гүлмира айым.
Төлөн Токтосунова