Нарын районуна карштуу Казан-Куйган айылынын тургуну Нурдин Дүйшөнбеков жубайы Бегимай Айтбекова менен НТС теле каналынын «Үлгүлүү үй-бүлө» берүүсүнүн жеңүүчүлөрүнүн бири болушту.
Бул сынакты жубайы Бегимай социалдык тармактардан көрүп, жолдошуна катышып көрүүнү сунуштаган. Алар теле берүүгө атайын видео тартып жөнөтүшкөн. Алардын видеосу калыстар тобунун мүчөлөрүнө кызыгууну жаратып, чейрек финалга чакырышкан.
Дүйшөнбековдордун үй-бүлөсү каршылаштары менен сынакта бир катар тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып, жарым финалга чыгышкан. Жыйынтыгында биринчи орунду камсыз кылган үй-бүлөгө «Кут» курулуш компаниясынан батир берилип, ал эми Нурдин менен Бегимай экинчи орунду камсыз кылып унаа утуп алышты.
Нурдин менен Бегимайдын үй-бүлө кургандарына беш жыл толуп, учурда үч баланы тарбиялап келишет. Өзүлөрү жаш жубайлардын катарында болсо дагы жаңы үй-бүлө курабыз дегендерге өз кеңештерин беришет.
«Бизде абдан кубанычтуу күн. Финалга чыгабыз деген ниетибиз бар болчу, бирок дагы деле ишене албай жатабыз. Жеңүүчү аталганда аябай сүйүндүк.
Ар бир үй-бүлөдө тынчтык, бакубат жашоо болсун. Бизге окшогон жаш үй-бүлөлөргө ынтымак каалайбыз. Эң башкысы бири-бирин колдоо жана түшүнүү керек экен. Ошондо гана баштаган иш ийгиликтер менен коштолот. Кандай гана иш болбосун, кандай гана кыйынчылыктар болбосун үй-бүлөнү жана балдарды биринчи орунга коюу керек деп эсептейбиз», -дейт Дүйшөнбековдордун үй-бүлөсү.
Нурдин менен Бегимайдын катышуусундагы НТС теле каналындагы «Үлгүлүү үй-бүлө» берүүсүн төмөндө көрө аласыздар:
Акылай Алмазбекова