Нарын районуна караштуу Оттук айылында кайнене менен келиндин катышуусунда сынак өткөрүлдү. Сынак үй-бүлөлүк ынтымакты чыңдоо максатын көздөп, ага айыл тургундарынан үч үй-бүлө катышышты.
Сынактын уюштуруучуларынын бири жергиликтүү бийликтин депутаты, коомдук ишкер айым Мыскал Байгазиева төмөнкүлөргө токтолду.
«Бул сынак аялдарга болгон зордук-зомбулукту азайтуу менен бекем, ынтымактуу үй-бүлө курууга өз салымын кошот деген ниеттебиз. Сынакта келин менен кайнененин ортосундагы мамилелер көрсөтүлдү. Биз үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо, бекемдөө максатында алдыда дагы көптөгөн иш-чараларды пландадык. Буюрса жакынкы арада «Атам, апам жана мен» деген спорттук сынак өткөрүлөт. Андан кийин «Бирге окуйбуз, бирге жасайбыз» деген сынакка даярдыктар көрүлө баштады. Бул сынактарда атасы, энеси, баласы болуп чогуу катышышат. Мындай сынактар мыкты, бекем үй-бүлөнү сакталышына өбөлгө болот жана башка жаш үй-бүлөлөргө үлгү көрсөтүү менен катар таалим-тарбия берет деген ойдобуз».
«Сынак аябай жакшы өттү. Мынчалык деңгээлде болот деп ойлогон эмесмин. Апам экөөбүздүн ортобуздагы мамилебиз абдан жакшы. Апамды дайыма урматтайм, сыйлайм. Ушул сынакта апама деген ыраазычылыгымды билдирип алганым үчүн кубанычтамын»,- дейт Арайым Байбекова.
Күмүш Жусупова: «Мындай сынактар дайым болуп турса деп ойлойм. Келин менен кайнененин ортосундагы жакшы мамилелер көп болсун. Ушундай сынактарга көп- көп катышса ынтымагы бузулбай, биримдикте болот. Апам экөөбүздүн мамилебиз албетте өзгөрүлдү. Билбегендерибизди үйрөндүк. Унутта калган салттарыбызды кайрадан эстеп алдык».
Чолпон Сүйүнбаева сынак тууралуу төмөкүлөргө токтолду.
«Сынак негизи азыркы жаш келиндерге жакшы эле чоң сабак болот деп ойлойм. Себеби, азыркы заманда келинин кайнене, кайненени келин сыйлабай калган учур. Ошолорго бир чоң сабак болсун, ушул жаңы келген келиндерге үлгү бололу деп ушул сынакты уюштурушту. Апабыз менен мамилебиз негизи эле жакшы болчу. Мен жаңы келин болуп келгенде апакем аябай калкалап, мындай кыл, тигиндей кыл деп, катуу кайнене болгон жок. Ошон үчүн мен дагы жакшы келин болдум деп ойлойм.»
Айылдын ардактуу чоң энеси Курманжан Ниязалиева да өз сөзүндө мындай сынактардын көп-көп уюштуруп турушун айтты. Сынакта айылдын үлгүлүү үй-бүлөлөрүн көрүп, башкалар да жакшы жакка тарбия алышаарын баса белгиледи.
Жергиликтүү кеңештин депутаты, Оттук айылындагы аялдардын конгрессинин төрайымы, аялдарды коргоо борборунун мүчөсү Төлөбүбү Бополоңова төмөнкүлөрдү билдирди.
Бул сынактын эң эле негизгиси энелерге, келиндерибизге үлгү болуу максатында уюштура алдык. Бардык жерде айымдар бактылуу болсун деген ниет менен ынтымакты да бекемдөө максатын көздөдүк. Буюрса бул сынак жыл сайын май айында белгиленүүчү энелер майрамында өткөрүлүп турат. Бул сынак менен биз үй-бүлөдөгү баалуулуктарды, ыктымакты бекемдей алабыз. Себеби, мыкты үлгүлүү кайнене менен келинди бири-бирине болгон мамилесин көргөндөр сөзсүз жакшы жакка өзгөрүүгө аракет кыла башташат. Айылыбыздын тургундарына да айтаар элем, «Баарыңыздар активдүү болуп, айылдын ынтымагын бекемдөөгө, өнүгүүсүнө өз салымыңыздарды кошуңуздар!»
Наиля Жанарбек кызы, Аяна Ырысбекова