Балыкчы шаарындагы аскер бөлүктө атайын «Ачык эшиктер” күнү белгиленди. Ал жакка Кочкор районунун айылдарындагы бардык мектептерден окуучулар мугалимдери менен барышты.
Рабил Шабралиев Ахматбекович:
Бизде “Ачык эшиктер” күнү белгиленүүдө. Аскер бөлүк менен жалпы тааныштыруу болуп жатат.
Иш чараны жети бөлүккө бөлүп өткөрүп жатабыз. Ар бир бөлүктүн өзүнүн орду бар:
Инженердик даярдык,
Курал жарактардын түрлөрү,
Аскер кызматкерлерин күнүмдүк тартиптери,
Күжүрмөн даярдыкта кийүүчү аскер кийимдери,
Байланыш түйүндөрү боюнча маалыматтар,
Биринчи медициналык жардам көрсөтүү,
Жоокерлердин күнүмдүк жашоосу,
Жатаканасы жана ашканасы,
Жоокерлер кандай шартта, кандай тамактар менен тамактанышат, жана ошондой эле күжүрмөн даярдыктагы техникалардын түрлөрү боюнча тааныштыруу болуп жатат.
Иш чараны өткөрүү максатыбыз, жаш окуучуларды патриоттукка чакыруу, аз да болсо аскер бөлүктөгү аскер кызматкерлеринин жашоо турмушу боюнча маалымат берип тааныштыруу. Ушул максатта ар дайым ушул сыяктуу иш- чараларды өткөрүп келебиз.
Арген Самаган уулу:
«Биздин аскер бөлүктө “Ачык эшиктер” күнү өтүп жатат. Бул жакка мектеп окуучулары келип таанышышат, кызыгуулары артат, аскерге болгон сезимдери ойгонот. Негизги максаты болсо, жаш эр азаматтарды аскердик кызмат өтөөгө, патриоттукка, Ата-Мекенине кызмат кылып, коргоого чакыруу».
Ж. Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейдин студенттери «Шумкар» аскердик патриоттук клубдун мүчөлөрү да окуучулар менен бирге барышты.
Балыкчы шаарында жыл сайын атайын «Ачык эшиктер» күнү белгиленип, ал жака 10-11-класстын окуучулары барышат.
Төлөн Токтосунова, Медина Турдубекова