Кочкор районундагы Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинде «Жаш музыкант 2022» кароо-сынагы болуп өттү.
Кочкор районундагы Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин директору Бермет Абдрахманова
Бермет Абдрахманова:
«Бул сынак 2014-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. «Жаш музыкант 2022″ кароо-сынагы жаш таланттар арасында өткөрүлүп жатат. Быйылкы кароо сынагыбызда Тогуз-Торо райондук балдар искусство мектебинен да катышып жатышат. Бул кароо-сынактын максаты, келечектеги муунга, маданиятыбызды тааныштырып, мурас катары өткөрүп берүү жана маданиятыбызды өнүктүрүү. Кароо-сынакка жалпы 9 мектептен катышып жатышат».
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кенже Кубатова
Кенже Кубатова:
«Бул кароо-сынак Нарын облусу боюнча райондор арасында жыл сайын кезеги менен уюштурулуп келет. Былтыр нарын шаарындагы Ж. Шералиев атындагы балдар музыкалык мектебинде өткөрүлгөн. Быйыл Кочкор районунда Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искуство мектебинде өткөрүлүп жатат. Сынакка облусубуздун баардык райондорунан таланттуу уул-кыздары катышып өз өнөрлөрүн көргөзмөкчү. Ошондой эле сынактын калыстар тобуна министирлитин өкүлдөрүнөн келип күбө болушту».
Жумгал районунун Чаек айылындагы Чынара Дүйшеева атындагы искусство мектебинин директору Шарипбек Чутоев
Шарипбек Чутоев:
«Жылыга Нарын облусу боюнча жаш аталанттар арасында, 6 номинациядан турган конкурс өткөрүп келебиз. Конкурска облус ичиндеги баардык райондогу таланттуу окуучуларды чакырабыз. Бул сынакта окуучуларды, комуз өнөрү, үйлөмө аспап, кыл-кыяк, баянда ойноо, ваколдык искуство боюнча өнөрлөрүн сынайбыз».
Залкар комузчу Зайнидин Иманалиев.
Зайнидин Иманалиев:
«Бул иш-чара райондор арасында кезек менен өтүп жаткан өнөр жарышы болуп жатат. Ар бир жылда, ар бир райондо өткөрүлөт. Бул иш-чара өтө маанилүү. Жаш таланттар арасында бири-бири менен атаандашуу жана Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искуство мектебинде өнөр алмашуу болуп, өнүгүүгө карай жол ачат».
Жаш таланттар өз өнөрлөрүн көрсөтүү учуру
Кароо-сынак учур
Кароо-сынактын көрүүчүлөрү жана калыстар тобу
Сынакка Нарын облусунун баардык районунан жаш таланттар келип катышты. Сынакта комуз өнөрү, үйлөмө аспап, кыл-кыяк, ваколдык искуство, баян жана башка жаш таланттардын өнөрлөрү көрсөтүлдү.
«Жаш музыкант 2022» кароо-сынагы ар жыл сайын окуучу балдардын ар тараптан өнүгүүсүнө салым кошуу максатында уюштурулуп келет.
Төлөн Токтосунова