Ак-Талаа районундагы маданият үйүндө Энелер күнүнө арналган майрамдык салтанат болуп өттү. Салтанат Баетов айыл өкмөтү тарабынан уюштурулуп, Баатыр энелер, мекемелерде иштеген айымдар, жаштар жана райондун акими Жумадилла Жапаров менен айыл өкмөт башчы Алмаз Абдылдаев катышты.

Баетов айыл өкмөтүнүн Алмаз Абдылдаев салтанатка келген апалар менен

Апаларг бөлмө гүлдөрү белек болду

Баатыр энелер майрамдык салтанатта

Район акими Жумадилла Жапаров энелер күнү менен куттуктады: «Урматтуу апалар, эжелер! Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайм. Ар дайым үйдүн куту, коломтонун өчпөс оту болуп, арабызда аман жүрүшүңүздөрдү тилейбиз» деди.

Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров куттуктады

Баетов айыл өкмөтунүн башчысы Алмаз Абдылдаев куттуктоодо
Ошондой эле Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев, жергиликтүү кеңештин депутаты Курманжан Тиленбаева, Аялдар Кеңешинин төрайымы Чатырхан Дөнөмбаева куттуктоо сөздөрүн жолдошту.


Майрамдык салтанат ыр-күү менен коштолду
Майрамдык салтанат ыр-күүлөр менен коштолуп, энелерге бөлмө гүлдөрүн белекке беришти.
Барчын Мамытбекова