Азыркы учурда сүт сатуу багыты бардык айылдарда өнүгүүдө. Дал ушул багытты өнүктүрүү максатында Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылынын тургуну Төрөгелди Кемелбеков асыл тукум уйларды багып өстүрүү боюнча фермерлик иш жүргүзөт.

Төрөгелди Кемелбеков
Төрөгелди Кемелбеков асыл тукум уйларды, тагыраак айтканда симентал, герефорд, голштин жана Ала-Тоо уйларын багат.
“Нарын климатына бардык эле уйлар чыдай бербегендиктен биз симентал, герефорд, Ала-Тоо жана голштин уйларын тандап алдык. Алардын ичинде сүт багытында дагы эт багытында дагы уйлар бар.

Голштин уйлары
Уйлардын сүтү жылдын кыш мезгилинде кескин азайып кетет, ошондуктан алардын рационуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө туура келет. Кант кызылчасын майдалап, чаап берип жана жемине майдаланган жүгөрүнү кошуп берүү менен сүттүн көлөмүн чоңойтууга мүмкүн.

Симентал уйлары
Уйларга ар дайым дары сайып, алардын ден-соолугуна дагы кам көрүп туруу керек. Ооруларга чалдыгып калбашы үчүн толук көзөмөлдөп турабыз. Ар бир уйдун өзүнүн мүнөзү болот, аларды окуп билүү жана ошого карата мамиле жасоо дагы абдан маанилүү”,-дейт Төрөгелди Кемелбеков.
Ал ветеринар адиси болгондуктан мал жандыктарына толук өзү көзөмөл жүргүзүп турат. Гранттарга кайрылуу менен фермасын өнүктүрүү алдыңкы пландарында экендигин баса белгиледи.
Эркеайым Замирбек кызы