Балчы: «Бакка учуп келип конгон аарыларды өздөштүрүп алганбыз»
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында көптөгөн үй- бүлөлөр бал тартуу менен эмгектенишет. Алардын ичинен Канышай Саманчиева балчылыкты жакшы өздөштүрүп, Чолпон айылын бал менен камсыз кылып келет.