Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында көптөгөн үй- бүлөлөр бал тартуу менен эмгектенишет. Алардын ичинен Канышай Саманчиева балчылыкты жакшы өздөштүрүп, Чолпон айылын бал менен камсыз кылып келет.
Ардактуу эс алуудагы биология мугалими Канышай Саманчиева:
«Биз бал челектерди 15 жылдан бери тартып келебиз. Биздин бакка учуп келип, конгон аарылардан өздөштүрүп алганбыз. Андан кийин бал челек сатып келип уюштурдук. Жылда ушул Чолпон айылын бал менен камсыз кылабыз. Мына азыркы учурда дагы бал тартып сатып жатабыз. Ал эми бал кг жараша сатылат. Азыр 1кг 650 сомдон турат. Жалпы бизде 29 челек бар. Балдын ден соолукка тийгизген касиети чоң, пайдалуу бардык ооруларга шыбаа болот. Аарыны багыш деле чоң эмгекти талап кылат. Мисалы бизде 29 челек бар, бирок анын баарында тең боло бербейт.
Сезон жакшы болгондо жаздан күзгө чейин 10 фляг бал алчубуз. Биз ушунун аркасында оокат кылып, малыбызды көбөйтүп, жер алып, там салып жатабыз. Чолпон айыл өкмөтүндө, дегеле Кочкор районунда жакшы балды өнүктүрсөк жакшы киреше алып келмек. Ошон үчүн балдарыбызды аарыны багып, бал алуу окуусуна окутуш керек. Бул да ардактуу кесиптердин бири болуп саналат. Аарынын энелик, аталык аарысы бар. Алар иштебей аарыны өлтүрүп ташташат жана ошондой өтө эмгекчил болушат. Биз «Карпат» пародасындагы аарыны багып, балын тартып келебиз».
Кусейин Марат уулу