Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра айылында 21 түтүн жашайт. Аларга таза суу киргизүү иштери жүрүүдө. Бул курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, күзгө чейин аягына чыгарылмакчы.
Түп районунун Каркыра айылы Кыргыз- казак чек арасында орун алган. Бул жерде Каркыра чек ара бөлүмү орун алган. Ал жерде Тасма айылынын тургуну Сүйүнбек Исабеков үй-бүлөсү менен кызмат кылат.