Нарын районуна караштуу Учкун айылында жалпы элдик жыйналыш болуп өттү. Аталган жыйналышта багылуучу малдын баалары, жайлоо маселеси жана жер айдоо, суу маселелери каралды. Жыйналыш Чоро Кожомжаров атындагы маданий үйүндө өткөрүлдү.
Куланак, Учкун айылдарынын тургундары жана Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев катышкан жалпы элдик чогулуш Куланак айылынын клубунда болду. Анда көчүп конуу, корук, суу маселелери каралды.