Куланак, Учкун айылдарынын тургундары жана Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев катышкан жалпы элдик чогулуш Куланак айылынын клубунда болду. Анда көчүп конуу, корук, суу маселелери каралды.
Жыйналышты Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев ачты.
«Бүгүнкү каралчу маселелер: көчүп конуу, корук, суу. Куланак айылынын суугат суусу Сары-Ой айыл өкмөтүнө чейин кетет. Ошондуктан арык, каналдарды тазалап, сууну туура пайдаланалы, убагында көчүп конбосок, айдоо жерлери зыянга учурайт», — деди аким Жанбоев.
Бул көтөрүлгөн маселелерди эл толук колдоп чечим алышты.
Таза суу боюнча тарифти Куланак айылынын тургундары үчүн 1 түтүнгө 100 сомдон, ал эми Учкун айылынын тургундары үчүн 300 сомдон деген сунушту берди чогулушта таза суу кызматкери Эмил Солтоналиев.
«Чогулган акча өзүнүн ремонтуна кетет. Эскилиги жеткендиктен ремонт иштери тынбай жүрүп турат», — деп билдирди Солтоналиев.
Буга көпчүлүктүн ою ар кандай болгондуктан, эл бир пикирге келбестен тарап кетишти.
«Тарифтин көтөрүлүшүнө макулмун. Таза суу үзгүлтүккө учурабасын десек көтөрүш керек», — дейт Куланак айылынын тургуну Камчыбек Андабеков.
Автор: Нуриза Асаналиева, Айзат Түмөнбаева
Сынак үчүн