2016-жылдын 2-апрель күнү Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги, Эл аралык «Себат» билим берүү мекемеси менен бирдикте уюштурган алтынчы класстар арасындагы областтык олимпиадага Кара-Талаа айылынын Болот Алаков орто мектебинин окуучусу Аманат уулу Дастан катышып, 2-орунду багындырып, 30-апрелде Бишкек шаарында өтүүчү республикалык сынагына жолдомо алды.
Сынактын жүрүшү тууралуу кабарчыбыз Саламатнур Маратованын материалында
Олимпиадага катышууда Аманат уулу Дастан көп эмгектенгенин айтат
-Бул сынакка катышууда ата-энем чоң көмөк көрсөттү, Аталган сынакка көп эмгектенип,4-орунду алсам, дагы көп эмгектенип, областтык турунда 2-орунду алып, эмгегим кайтты. Алдыда республикалык сынакта жакшы орун алып, мектебимдин атын чыгарсам дейм
. 
Дастандын апасы Жамангулова Аида баласын Кыргыз Түрк лицейине өтөт деген үмүтү бар экенин
белгилейт :
— Мен Дастандын апасы катары анын математика сабагына болгон шыгын байкап, Карасаев атындагы Түрк лицейине өткөрүү максатында 2016-жылдын январь айынан бери математика мугалими Исаева Чынара эжейге кошумча сабак алуу үчүн бергем. Бул сынакка даярданууда балам көп убактысын математика сабагына бөлдү.Дагы баса белгилей кетчү нерсе Дастанга көп жардам көргөзгөн Чолпон Эшманбетова эжейге терең ыраазычылык билдирем.

Кабарды даярдагандар: Маратова Саламатнур, Тилекова Гүлбарчын.