Учкун айылында Нарын районунун «Аракет» тобу уюштурган сынак болду. Аталган топ сегиз айылга барып сулуулар конкурсун уюштурушат.
«Аракет» тобу үч айылга барып төртүнчү болуп Учкунга келишти. Ар бир айылдан биринчиликти алгандар 10-майда Нарын райондук деңгээлде күч сынашышып, 1-2-орунга илинген кыздар Чолпон-Ата шаарына барып, жети күнгө бекер эс алып келишет.
Конкурстун башкы уюштуруучусу Алиаскар Токтобековдун айтымында, бул топ эки жыл мурун уюшулган, анда сегиз адам иштейт жана буларды каржылоочу атайын компания жоктугуна байланыштуу өзүлөрүн каржылашат.
«Айыл ажары» конкурсуна элдер көп келишип, жакындарын колдоп дем күч берип жатышты.
Учкундан беш кыз катышты. Алар өз колдору менен ар кандай көйнөктөрдү ойлоп табышып, кыргыздын улуттук тамактарын жасашты жана башка өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Учкундагы конкурста Бурулча Сынжыбекова жеңишке ээ болду. Бурулчанын айтымында жеңишке жетээрине анча деле ишенген эмес, баары башталганда толкунгандаганын айтат жана ушундай сынактар көп уюшулса жакшы болоорун белгилепп өттү.
Билет баасы 30 сомду түздү. Сынакка катышкан ар бир кызга 20дан билет таратылып берилди. Билеттен түшкөн каражатка конкурстан уткандар эс алууга барып келишет жана топтогу кыздар балдардын кийимине кетет. Белгилеп кетчү нерсе ар бир айылга 170 билеттен берилген.
Кээ бир көрүүчүлөрдүн айтымында калыстар тобу тартып коюшту. Ал эми конкурска катышкан Алтынгүл Мүдүнованын айтымында, баары туура эле болгон. «Ар ким дараметине жараша упайларды алды жана жеңилгениме капа болбодум», — деп белгилеп өттү.
Сынактын жыйынтыгында жеңүүчү сүрөт, диплом жана таажы менен сыйланды. Башка катышуучуларга «Чебер айым», «Акылдуу айым» жана «Назик айым» деген наамдагы грамоталар берилди.
Даярдаган: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн
НМ