Куланак айылында 8-апрель күнү «Айыл ажары» аттуу сулуулар сынагы болуп өттү. Конкурска 9-10-класстын окуучу кыздары катышып, 9-класстын окуучусу Ырыскүл Адамалиева жеңүүчү аталды.
Бул конкурсту Нарын шаарынын жаштар коому жана «Аракет» тобу уюштурду. Топтун мүчөсү Күмүшай Кубанычбекова Нарын мамлекеттик университетинде 5-курсту аяктап жатат. Ал ошондой эле шаардык жаштар коомунун жетекчиси болуп иштейт.
«Биздин максат ар бир айылдарды кыдыруу жана ар бир айылдын кыздарынын сулуулугун баалоо. Ошону менен бирге эле патриоттукка чакыруу. Биз Эмгекчил айылынан баштадык. Тандалган сулуу кийинки айылга биз менен чогуу барып калыс болот», — деп токтолду Кубанычбекова.
Сынактын программасы боюнча «келечектеги менин айылым», «мода дүйнөсү», «хоббиси», «улуттук тамактар» номерлери көрсөтүлдү. Кыздардын жакшы даярдыкта келгени байкалып турду. Хоббиге бири ыр окуса, бири бийлеп, бири кол өнөрчүлүгүн көрсөтүп жатышты.
Калыстар тобу мектеп жамаатынан бир мугалим, Жаштар уюмунан бир, клубдан бир, Сары-Ой айылынын жеңүүчүсү бир болуп, жалпы төрт киши калыстык кылды.
10-класстын катычуусу Кылымай «Келечектеги менин айылым» деген темада слайд көрсөттү.
Сынакта 9-класстын окуучусу Ырыскүл Адамалиева жеңүүчү аталды. Ал мындай сынакка биринчи жолу катышып жатканын айтат.
«Буга чейин мектептин атынан жаш таланттар конкурсуна барганда «Ак-Марал» бийчилер тобу менен бийлегем. Бул менин жеке жеңишим эмес. Анткени классташтарымдын жана ата-энемдин салымы чоң. Аларга ыраазычылык билгизем», — деген оюн айтып өттү Ырыскүл.
Автор: Айзат Түмөнбаева, Нурила Таалайбек кызы, Нуриза Асаналиева.
Сынак үчүн