Нарын районуна караштуу Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинин 11- классынын окуучусу Эдилбек кызы Акылай «Кыргызстандын эң мыкты окуучусу» наамына ээ болду.
“Дордой” ассоциациясынын директору Аскар Салымбековдун колдоосу менен “Кыргызстандын 100 мыкты окуучусу” кароо сынагы жарыяланып, жыл мыктылары аныкталды.