“Дордой” ассоциациясынын директору Аскар Салымбековдун колдоосу менен “Кыргызстандын 100 мыкты окуучусу” кароо сынагы жарыяланып, жыл мыктылары аныкталды.
Бул кароо сынакка Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Акылай Ыдырысова активдүү катышып, 1-даражадагы диплом жана баалуу белектерге ээ болду.
«Мен бул сынакты декабрь айында Инстаграмдан көрүп, өз билимимди текшерип көрөйүн деген максат менен билдирүү жибергем. Сынактын шарттарына ылайык окуучу жалаң гана «5» деген баа менен окуп, мыкты жетишкендиктерди көрсөтө алуусу керек болчу. Мен көтпөгөн кароо сынактардан да байгелүү орундарга ээ болуп келгендиктен, кийинки турга өтүү жеңил болду. Мындан сырткары, келечектеги максаттарыбыз тууралуу да дилбаян жазып жибергенбиз.
Сынактын жыйынтыгы эки айдан кийин чыгарылып, бизди борборго сыйлоо аземине чакырышкан. 50 окуучу 3-даражадагы, 30 окуучу 2 -даражадагы жана 20 окуучу 1-даражадагы диплом жана китептер менен сыйландык. Биз үчүн эң чоң сыймык өзүбүздүн дилбаяндарыбыз жазылган жыйнак болду. Бул жыйнакты ар бирибизге китеп түрүндө чыгарып, тапшырып беришти.
Мен 20 окуучунун катарында 1-даражадагы диплом алдым. Мен үчүн бул чоң жетишкендик жана сыймык!»,-дейт Акылай Ыдырысова.
Ыктыярчы: «Мен ыктыярчылыкты кесип катары кабыл алам!»
Студент: Мектептеги олимпиада кесип тандоомо себепкер болду
Акылай Алмазбекова