Баткен облусунун Сүлүктү шаары боюнча билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан, агартуу майданында эмгектенип жаткан, ден-соолугу жана үй-бүлөлүк абалы боюнча жардамга муктаж жарандарга азык-түлүк жардамы берилди.
Бүгүн Сүлүктү шаары боюнча билим, илим кызматкерлеринин кесиптик кошунунун отчеттук жыйыны болуп өттү.
Кыргыз Республикасындагы кесиптик бирликтер — өз мүчөлөрүнүн эмгектик жана социалдык — экономикалык укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлүп, өндүрүштүк кызыкчылыктардын жалпылыгынын негизиндеги жарандардын ыктыярдуу коомдук бирикмелери.