Кыргыз Республикасындагы кесиптик бирликтер — өз мүчөлөрүнүн эмгектик жана социалдык — экономикалык укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлүп, өндүрүштүк кызыкчылыктардын жалпылыгынын негизиндеги жарандардын ыктыярдуу коомдук бирикмелери.
Он төрт жаш курагына толгон жана иштеген ошого тете пенсионерлер ыктыярдуу кесиптик бирликтерди түзүүгө Уставдын талаптарын сактаган шартта кесиптик бирликтерге кирүүгө укуктуу. Кисиптик бирликтер үч же андан ашык киши иштеген ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда түзүлөт.
Кесиптик бирликтер көз карандысыз жана мыйзамга гана баш иет. Алар мамлекеттик бийлик органдарына, жумуш берүүчүлөргө, саясий партияларга жана башка коомдук уюмдарга отчет бербейт жана алар тарабынан контролдонбойт.
Кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгү жана ыйгарым укутары тууралуу түз эфир өткөрүлдү. Конок болуп Ашимбек Сатарович, Талас облустук Профсоюздар уюмунун юристи катышты.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова