Кыргызстанда жашыл экономика жумалыгы башталды. Ал “жашыл экономика – күчтүү аймактар, өлкөнүн туруктуу өнүгүшү” аталышындагы ураан менен өтүүдө. 5 жылдан бери белгиленип келе жаткан жумалык бул жолу 11-17 ноябрь күндөрүнө туш келүүдө.
Ага карата республиканын ар тарабында 37 түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт. Алардын бир болуп, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жана Германия эл аралык кызматташтык коому тарабынан өткөрүлгөн иш-чара болду. Аталган иш-чарада Кыргызстандын токой системасындагы өнүгүүлөр менен бирге көйгөйлөр айтылды.
Kyrgyzmedia.com окурманы катары сиз дагы бул иш-чарага катыша аласыз. “Кантип?” — десеңиз, алдыдагы маалыматты окуган соң, кыскача кызыктуу тесттен өтүңүз!
Даярдаган: Касиет Кубанычбек кызы