Кыргызстандын токой экосистемаларын туруктуу жана этияттуу пайдаланууга арналган балдар сүрөттөрүнүн онлайн көргөзмө сынагы жарыяланды. Аталган сынак, Германия эл аралык кызматташтык коому (GIZ) тарабынан уюштурулуп жатат. Иш-чаранын максаты — өспүрүмдөрдү жана жаштарды жаратылышты коргоого жана Кыргызстандын токой экосистемаларын этияттуу пайдаланууга үйрөтүү болуп саналат. Ал, 12-14 жаштагы окуучулар арасында өткөрүлөт.