Майда мал, ири мүйүздүү мал көбөйүп, жайлоого алып чыгып багуу жолго коюлуп жаткандыгы менен карышкырлардын малга коркунучу да көкөйгө тийген. Ошондуктан бул коркунучтун алдын алуу үчүн тайган багуу аракеттери көрүлүп жатат.
Жергиликтүү тургундардын айтымына караганда жайдары бөрү басар иттер союз бузулуп колхоз, совхоздордун малдары таланып жок болгондон баштап эч кимге керек болбой, өзүнөн өзү тукум курут болгон. Эми ушул көйгөйдү чечүү үчүн атайы таза кандуу тайгандар сатылып алынып келип багыла баштады. Алардын кээ бирлеринин баасы 3 миң долларга чыгат экен.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров