Бүгүн 21- март ата-бабаларыбыз илгертеден салт тутуп белгилеп келген Нооруз майрамы. “Жер жарылып чөп чыкты,
Желин жарылып сүт чыкты”- демекчи азыркы учурда бүткүл кыргыз элинин айлана чөйрөсүндө шаан- шөкөт болуп, ар бир кыргыз атуулунун жүзүндө эле эмес жүрөгүндө кубаныч толкуп жаткан кез. Талас шаарынын Эшим Кутманалиев атындагы стадионунда Нооруз майрамынын урматына кыргыз элинин улуттук даамдарын элге таркатып, концерттик программа уюштурулуп, Нооруз майрамын белгилеп турган кез. Алардын арасынан Кыргыз телеком окционердик коомунун Талас облусундагы филиялынын өкүлүнүн айтымында.
Биз Талас элинин баарын бүгүнкү Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бугун биз Талас эли үчүн ушундай кыргыз элинин улуттук беш-бармак, сүмөлөк, БЖ, Казы, карта, чүчүк, нандын түрлөрүн же деги эле жалпылап айтканда улуттук тамак- аштардын баарын Талас эли үчүн алып чыктык.
Негизинен эле бул жерде Таластын өкмөттүк уюмдарынын баары улуттук даамдарды алып чыгышты, жана буга элдин көз карашы кандай? – деген суроого Талас шаарынын тургуну Умүтүн айтымында:
Талас шаарында менимче биринчи жолу Нооруз майрамын ушунчалык дем-күч менен тосуп жатабыз. Себеби бул убакытка чейин мынчалык деңгээлде ар-түркүн даамдар менен тосула элек болчу. Мага абдан жакты, жалаң кана көңүл ачуу жана кызыгуу менен өтүп жатат.
Негизинен эле Талас элинин көңүлү абдан көтөрүлүп, Нооруз майрамын эң жакшы күч-дем менен тосуп учур.
Даярдаган: Ботукеев Зоотбек, Толгонай Тимурова