Бир канча күндөн бери Талас шаарынынын негизги жолдору оңдоп түзөлүүдө. Мындай иштерди көрүп, шаарыбыздын жашоочулары кубанып жаткан учуру.
Ушундай кудайга жаккан жакшы жумушту жазап жаткан биздин жол куруучулар талыкпай эмгектенип жаткан жерге барып, абалды өз көзүбүз менен баамдадык да, талас жергебизде канча километр жер бүттү, жана алдыда кандай иш пландар бар деген суроо менен ЖАК «Жолу» компанясынын жетекчиси Назаралиев Эсенбекке кайрылып кичинекей маек алдык.
Сапарыбызды улантып, оңдолуп жаткан жерге барып, жол оңдоочу топтун иштеп жаткан жерине күбө болдук.
Биздин Талас шаарынын тургундарынан жана айдоочулардан, жол ондолуп жатканы сиздерге кандай таасир калтырды? деген суроо берип маек курдук:
Буйруса, биздин жол куруучулардын эмгеги менен, транспорт министирлиги жана шаардык мэриянын жардамы менен, Талас шаарынын жашоочулары жол азабынан акырындан арылат экенбиз.
Даярдагандар: Самат Арабеков, Аскар Шаршеналиев, Айжан Нурманбет кызы