Ак-Талаа районундагы Көк-Дөбө тоосундагы кыш мезгилинде муз тебишсе, калган убактарда тургундар чыгып эс алышат. Көк-Төбө айылдын четинде бийикте жайгашкандыктан, аны тургундар “Баетовдун панорамасы” деп аташат.
Баетовдун панорамасы алыстан кооз көрүнгөнү менен жанына бара келгенде ар бир кадам сайын желим бөтөлкө, шише сыныктары, өрттөлгөн дөңгөлөктөр жана башка таштандынын түрүн көрүүгө болот.
Айыл тургундарынын бул боюнча оюн билип көрүүнү чечтик.
Жылдыз Эргешова, мугалим:
“Ал жерге барып майрамдашсын, бирок чеги менен. Бул жер элдин жери, бүгүн ушинтип таштанды таштасак, бул жердин эртеңки келечеги эмне болот?”
Алтынай, окуучу:
“Табият берген балуулукту сактап калышыбыз керек. Бул бир эле адамга эмес бардыгыбызга керек. Баардыгыбыз тазалыкты сактап, кийинки муунга таза бойдон өкөрүп беришибиз керек. Бул биздин айыл. Мен мындай көрүнүшкө каршымын”.
Адилет, окуучу:
“Мен бул жат көрүнүшкө каршымын, эгер жаштар тазалыкты сактай алышпаса өкмөт чара колдонсо жакшы болмок. Тоого чыгып эс алгандан кийин таштандыларды тазалап кетүүлөрү кажет”.
Даярдагандар: Алина Калыйнур кызы, Калида Кубанычбекова, Сыдык Шамшыбеков
Сынак үчүн