Айылда бир нече сүт кабыл алуучу жайлар иштейт.Алар айыл тургундарынан сүттү кабыл алып сүт заводдоруна өткөрүшөт.Азыркы учурда 1литр сүт 9 сомдон кабыл алынууда.
Сүттүн арзандап кетиши айыл тургундарынын нааразычылыгын жаратты.Бул тууралуу Атыргүл Кылычбаева өз оюн төмөндөгүдөй билдирди:
«Сүттүн арзандашы бизге жаман болду. Мен буга каршымын. Айыл ичи негизинен сүттүн акчасы менен жан багышат. 9 сом болгону өтө эле арзан».
Эмне себептен сүттүн арзандап кеткендигин үчүн билүү үчүн сүт кабыл алуучу жайда эмгектенген Майрам Сакыбаева кайрылдык: «Кыргызстан бажы биримдигине кирип жатканына байланыштуу сүттөрдөн чыккан азыктар азыр катуу текшерүүдөн өтүүдө ошондуктан сүттөр коңшу мамлекеттерге чыкпай арзандады».
Тасма айылынын тургундарынын негизги киреше булагы сүт болгондуктан, сүттүн кымбатташы абдан маанилүү.