Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айзат Мусалиева райондук олимпиададан 3-орунду алып, облустук сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Мектеп мугалимдери быйыл окуучулардын билим деңгээли жылдагыдан төмөн болуп жаткандыгын айтышат.
Анткени буга чейин облустук олимпиадага Тасмадан эң аз үч окуучу катышып жүргөнүн кошумчалашты мугалимдер.
Аймактык олимпиададан өткөн тасмалык сегиз окуучу 4-февралда райондук олимпиадага барып, ичинен бир окуучу облустук олимпиадага катышуу укугуна ээ болду.
Ал Айзат Мусалиева 10-класстын окуучусу алгебра сабагынан барган. Аны даярдаган мугалими болсо Эрмек Суранов.
Сопиев мектебинин мүдүрү Алик Мамытовдун окуучулардын кайсы сабактардан олимпиадага катышканы боюнча мындайча баяндады.

“Сегиз окуучунун үчөө алгебра сабагынан, мугалими Эрмек Амазбеков, кыргыз тили сабагынан бирөө, информатикадан бирөө, орус тилден бирөө, химиядан бирөө, тарых сабагынан бирөө барган. Бирок, тилекке каршы сынак экен, бир гана окуучубуз үчүнчү орунду ээлеп, облустук олимпиадага өтүп, даярдана баштады. Мугалими Эрмек Амазбеков. Эми дагы жакшы жыйынтык чыгат деп ойлойбуз”, – деди мектеп директору Мамытов.
Аталган мектептин мугалими Кыдырмыш Масылов окуучулардын билим сапаты төмөндөгөнүн айтат. Буга уюлдук телефондор, компьютерлер себепкер деп эсептейт ал.
“Мына быйылкы болгон олимпиадада окуучулардын мурунку муундарга караганда билим-деңгээли өтө эле төмөндөп кетти. Мурун окуучулар ушунчалык сабакка кызыгушчу эле, азыр болсо окуучулардын ар биринде уюлдук телефондор бар болгондуктан окуучулар интернетке кирип атып, сабакка кызыкпай билим сапаты төмөндөп калды. Бирок ошентсе дагы балдарды олимпиадаларга даярдоо бул биздин милдетибиз. Ошондуктан ар бир мугалим өзүнүн сабагынан жылдын башынан баштап 1-4, 5-8-класстар арасында көп-көптөн кызыктуу олимпиадаларды өткөрүп турушубуз керек. Бул кийинкиге даярдык болот эле. Ошондо гана биз окуучулардын окууга кызыгуусун жогорулата алабыз”, – деди Масылов.
Даярдаган: Саадат Турдуматова.
Сынак үчүн