Түп районунун Асан Сопиев атындагы Тасма орто мектебинин мугалими Ороз Саадабаев география сабагынан 34 жылдан бери эмгектенип келет. Бул тармакта ийгиликтерди жаратып «Эл агартуунун отличниги» наамына ээ болгон.
Ороз агайга чогуу иштеген мугалимдери, билим берген окуучулары дагы жылуу сөздөрүн айтышат. Ороз Саадабаев жаш кезимде аябай айдоочу болгум келчү, автобус айдаганга кызыкчумун, дейт.
“Мугалим болгону жатканда география факультетин тандап алгам. Себеби мага география сабагы жакчу, өзүм дагы ушул сабактан бергим келчү. Бул сабак абдан кызыктуу, окуучуларга кененирээк маалыматтарды берим келет», — деп билдирди Саадабаев.
Көп жыл мурда агайдын окуучусу болуп, облустук олимпиадаларда орун алып, республикалык олимпиададан экинчи орунду алган окуучусу, учурда мектептин окуу завучу Кундуз Шалтабаева буларга токтолду.
“Ороз агай мектепте окуучулардын, мугалимдердин арасында кадыр-баркка ээ. Окуучулар агайдын сабагын өзгөчө жакшы көрүшөт. Бул география сабагынан республикалык, облустук олимпиадалардан көп ийгиликтерди жаратышты. Мисалга алсак, 1993-жылдары алып барып жүргөн окуучулар республикадан биринчи орун алып, Караколдогу пединстутка, анан улуттук университеттин география факультетине бекер орунга өткөн окуучулары болгон. Андан кийин 3-4 жыл мурдагы 2012-2013-2014-окуу жылында агай “Биз жыйырманчы кылымдын интеллектуалдарыбыз” деген республикалык сынакка окуучулар менен экологиялык темада долбоору орун алып, бир окуучусу политтехникалык институтка өткөн. Ороз агай озү чыгармачыл адам, кабинетине кирсек аябай жаркырап турат. Мен дагы агайдын окуучусу болучумун. Сабагын өтүп жатканда Африка жөнүндө айтып атса Африкада жүргөндөй элестетип, Антарктида жөнүндө айтып жатса, ал жерде жүргөндөй сезилет. Кошумча маалыматтарды көп айтып берет, өзүнүн мүнөзү дагы мугалимдик кесипке ыңгайлуу”, – деп баяндады Шалтабаева.
Нурдин Темирбек уулу учурда «Манс-Түрк» универистетинин студенти. География сабагы боюнча Ороз агай мнен чогуу сынактарга, олимпиадаларга барып, чоң ийгиликтерге жетишкен окуучусу. Агайдын аябай чынчыл, ишине так мугалим экенин, беген билими азыркы учурда ага чоң таасирин тийгизгенин айтты.
“Ороз агай тууралуу айтып кетсек, ал мен үчун абдан жакшы мугалим, анын берген билими менин жашоомо чоң таасирин берген. Өзүнө аябай так жүрөт, мага дагы так жүргөнгө, бир нерсеге умтулууга үйрөткөн. Агай мнен көптөгөн сынактарга, олимпиадаларга бардык. Ороз агайдын башка мугалимдерден өзгөчөлүгү сабакты эң сонун берет. Кийин окууга тапшырганда агайдын дүйнө таанууну өстүргөнүнүн жардамы тийди. Мен агайга өзүмдүн ыраазычылыгымды билдиргим келет, окуучуларга азыркы учурдагы маалыматтардан бери газета, китептерден таап, жеткиликтүү кылып түшүндүрөт”, – деди Темирбек уулу.
Даярдаган: Саадат Турдуматова
Сынак үчүн