Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма орто мектебинде Асан Сопиев агайдын жаркын элесине арналган баскетбол оюну болуп өттү. Оюнда 3 команда катышышты.
Жыйынтыгында Сопиев мектебинин кыздар жана балдар командасы биринчи орунду ээлешти. Арал мектебинен келген команда 2-орунду ээлесе, ал эми Чоң-Тогузбай мектеби 3-оорунга ээ болушту.
Оюнду уюштурган Сопиев мектебинин дене тарбия мугалими Эркинбек Көчөрбаевдин айтуусунда, оюндун максаты балдарды спортко үндөө.
“Аймактык манасиядага аябай даярданып Тасма айылынын кыздары да, балдары да биринчи орунду алды. Баардык камандалар бирдей болсо мындан да кызыктуурак болмок, менимче жакшы болгон жок. Мындан ары дагы да даярданыш керек”, — деп билдирди Көчөрбаев.
Арал аймагынын Ашымов мектебинин мугалими Нурбек Мааданбеков окучулар арасында өткөн турнирде жаш балдардын жакшы ойногондору билинип турат деп айтып өттү.
“Финалдык оюнда Ашымов мектеби менен Сопиев мектебинин окуучуларынын беттешинде Сопиев мектебинин командасынын техникалык жана физикалык жактан күчтүү экени далилденди. Ал эми кыздар боюнча Тасма орто мектебинин кыздары аймактагы эң күчтүү команда болдуп эсептелди”, — деп баяндады Мааданбеков.
Сопиев мектебинин баскетбол курама команданын мүчөсү Чынтурсун Турдуматовдун айтусунда, оюн жакшы өтүп, аларды канааттандырган.
“Буга чейин мындай чоң жеңишке жете элек болчубуз, кичирээк кезибизде кээ бир беттешүүлөрдөн жеңилип калчубуз. Бирок бүгүн кудайым жалгап утуп кеттик, аябай кубанычтабыз”, — дейт Турдуматов.
Сопиев мектебинин кыздар курама тобунун башчысы Айжаркын Асыпбекова төмөндөгкүлөргө токтолду.
“Оюн жакшы болуп өттү, кыздар дагы жакшы ойношту. Бул жеңиш мен үчүн абдан жакшы болду жеке эле мен үчүн эмес, топтогу баардык кыздар кубанууда”, — деп билдирди Асыпбекова.
Даярдаган: Айжан Жамаева
Сынак үчүн