Тасма айылында көп балалуу Динара Артыкбаева учурда сегиз баланын энеси, эң улуу баласы 17 жашта. Бул үй-бүлө акча каражатына муктаж, жөлөк пул алса дагы аз, эч нерсеге жетпейт. 8 баланын энеси болсо дагы «Баатыр эне» наамын ала элек.
Бул үй-бүлө туралуу кабарчыбыз Чынтурсун Турдуматов кененирээк маек курган.
Баланы багууда сизге кыйынчылктар болобу?
— Азык-түлүк жагынан, акча жагынан кичине тартыштыктар болот.
Кандай жардам болорун каалайсыз?
— Жогору жактан көп балалуулардын жөлөк пулун көбөйтүп коюшун каалайм. Азыркы учурда 3500 сом алам, мурда гумжардам алып турчумун, азыр келбей калды. Жөлөк пул деле эч нерсеге жетпейт.
Балдарыныз кандай өсүп чоңоюшун каалайсыз?
— Жарык дүйнөгө алып келген соң ыймандуу, акылдуу, адептүү болуп жакшы окуу жайларга өтүшүн каалайм.
«Алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык» дегендей көп жылдан бери коңшусу Карачач Урманбекова, Динара Артыкбаева туралуу кененирээк буларды билдирди.
«Динара бизге жап жаш кезинде келген келин болуп 16 жашта болчу ошондо. Таптатынакай супсулуу элдин баары суктанган келин эле. Анда кийин төрөй баштады, Кайын энеси оорукчан болчу ошондо инсульт болуп тил ооздон калып сүйлөй алчу эмес, ошол кайын энесин көп жыл бакты. Төрөп да жүрдү үйүндөгүлөрүн карап да жүрдү. Кичүү баласы 3 ай болуп калды кайын атасы үйлүү кылып туугандарынын үйүн алып беди, бирок жашоосу аябай оор. Унчукпайт, арызданбайт, даттанбайт жөлөк пулун анда-санда, бир жыл алса бир жыл албайт. Боору ооруган ага өкмөттөн эч ким жок. Быйыл эле жаңы ала баштады болуш керек. Анда деле 3500 алат экен. Анысы кайсы балага жетет? Улуу баласы ошентип жүрүп окубай клды, Бишкекте иштеп жүрөт. Татынакай созолонгон кыздары бар өзүнө окшош мектепте жакшы окушат. Бирок балдарына боор ооругандай эле кийсе ичкенине жетпейт, ичсе кийгенине жетпейт. Короосунда мал жок, күйөөсү оорукчан», — деп токтолду кошунасы.
Карасаев айыл өкмөтүндө 68 баатыр эне бар алардын ичинде жаш баатыр энелер да жок эмес. Социолог Айнакан Кемпирова Баатыр энелер жөнүндө кененирээк буларды айтты:
«Биздин айыл өкмөт боюнча 68 баатыр эне бар, ошонун ичинен жаш баатыр энелер да бар. Негизи жаш баатыр энелердин көйгөйү пенсияга чыккан баатыр энелерге кошулуп берчү миң сомдукту пенсияга чыга электер алышпайт, жаш көп балалуу баатыр эелерге берилсе жакшы болмок аларга акча азыр керек да», — деп билдирди Айнакаш Кемпирова.
Мындан баатыр энелердин жана көп балалуу энелердин да жөлөк пулу көбөйүп, мамлекет тарабынан колдоого алынып жашоолору жакшырышын каалайбыз.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова, Чынтурсун Турдуматов
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»