Түп районуна караштуу Тасма орто мектебинде «Ким? Эмне? Кайда?» интеллектуалдык сынагы болуп өттү. Ага 8-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышып, бүтүрүүчүлөр биринчи орунду алды.
Сынактын жыйынтыгында 11-класстар 1-орунду, 2-орунду 8-б класс, 3-орунду 8-а класстары ээлешти.
Оюндун жүрүшүндө алгебра, география, биология, физика сабактары боюнча суроолор берилип окуучулар упай топтошту.
Аталган иш-чара мектептин «Аваз» өзүн-өзү башкаруу уюму тарабынан уюшулуп, жеңүүчүлөр громаталар менен сыйланышты.

Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин география мугалими Ороз Садабаев «сынак «Аваз» уюму тарабынан уюшулуп, жакшы деңгээлде өттү. Уюмда иштегендер конкурс өткөзүүгө суроо дайындап берүүмдү айтышкан. Мен дароо макул болдум» деди.
«Сынакта негизи логикалык суроолор болду. Ошол убакта окуучулар кичине тайсалдашты. Ошондон улам окуучуларды да кызыктырды деп ойлойм. Кээ бир класстар активдүүлүгүн көрсөтүштү», — деп билдирди ал.
«Аваз» уюмунун президенти Айдана Саякованын маегинде, бул сынак алдын ала түзүлгөн пландын негизинде өткөрүлгөн.
«Бул конкурстун аталышы «Ким? Эмне? Кайда?. Мугалимдерге айтсак да жактырып, бардыгы кызыгуу менен өттү. Конкурста жеңген топторго громаталар берилди», — деп билдирди Саякова.

Ал эми конкурска катышкан 8-классынын окуучусу Гүлзар Курманбек кызын билдирүүсүндө, акыл таймашы кызыктуу болгон.
«Буга чейин мындай сынактар боло элек болчу. Бүгүн кызыгуу менен жооп беришти», — деди ал.
Даярдаган: Жазгүл Нурбек кызы
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн