Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Сопиев мектебинин 7-класстар арасында биринчи жолу сармерден өттү. Бул иш чара мамлекеттик кыргыз тилдин үч айлыгын жыйынтыктоо иретинде болуп өттү.
Сармерденге аталган мектептин 7-а жана 7-б класстары катышышты. Бул сармерден таймаш түрүндө болуп эки класс жаңылмачтарды, ырларды, табышмактарды айтышып кыргыздын улуттук баалулуктарына көңүл бурушту. Сармерденге ортодогу тыныгууларга ата-энелер дагы катышып, өздөрүнүн талантарын көргөзүп ыр тартуулашты.
Сопиев мектебин кыргыз тил жана адабият мугалими Айымбүбү Бегимбаева класстардын даярдыгы күчтүү экенин билдирди. Анын айтымында, бул иш чаранын максаты окуучуларды ынтымакка үндөө, бир максатта болуу.
«Сармерден балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша жакшы деңгээлде болду. Мага эки класстын тең аткарган иштери жакты. Калыстар тобунун чечими боюнча эки каманда тең 16 деген упайга ээ болушту ошондуктан тең болуп калды”, — деп баяндады ал.
Аталган мектептин 7-классынын окуучусу Бурул Кадырова бүгүнкү сармерденге жигердүү катышып, ырдап бийлеп, көрүүчүлөрдү таң калтырды. Ал мындай иш чаралар көп болуп турса деген оюн айтып өттү.
«Мен бул сармерденди аябай күткөн элем. Мага баарынан дагы эки класстын таймашып бири-биринен калбай эмгектенгендери аябай жакты. Сармерденде ата-энелерибиз дагы катышып ырдап көңүлүбүздү көтөрүп катышып кетишти”, — деп билдирди Кадырова.

Тасма айылынын тургуну Сагынай Осмонакунова бүгүнкү сармерден өтө жакканын айтат. Осмонакунованын сөзүндө, ата-энелер балдарынын костюмдарын даярдап, колдон келген жардамдарын көрсөтүшкөн.
«Мага бул сармерден аябай жакты бул сармерден мурда болбогондуктан кызыктуу өттү. Эми дайыма ушундай майрамдар болуп турса жакшы эле болмок. Сармерденде 7-б класс өзүлөрүн жакшы көрсөттө алды деп ойлойм. Сармерденге ата-энелер дагы катышышып ырдап, бийлеп көңүл ачып кетишти”, — дейт Осмонакунова.
Даярдаган: Гүлзар Курманбек кызы
Сынак үчүн