ЮНИСЕФтин каржылоосу менен «окуучуларды суу менен камсыз кылуу, санитария жана гигиенага жакшыртылган мүмкүнчүлүк алуу» долбоорунун кызматкери Иманбеков Тилек төмөндөгүлөрдү айтып берди.
«Бул долбордун эмне айырмачылыгы бар? Биз мектептерге үч жылдыз ыкмасын колдонуп ар бир мектепте биринчи, экинчи, үчүнчү, тепкичте болуп бүгүнкү күндө долбордун алкагында Карасаев айыл өкмөтүндө үч мектеп толугу менен иштеп жатат. Негизинен он үч мектеп бар пилоттук мектеп, долбордун акырында биздин максат эң негизгиси башталгыч класстын балдарына санитариялык гигиеналык ыкмаларды туура колдону менен ден соолукта болусу».
Мектеп жеңип алса кандай сыйлык тапшырылат?
— Жеңип алсак мен эми чоң сыйлыкты айта албайм, бирок бир нерсени бекем айтам, биз өткөндө суу күнүн белгилегенде грамоталар болду андан тышкары жакында чакан спорттук белектер болот эгерде талаптар толугу менен ишке ашса.
Суу санитария жана гигиена боюнча окуп келген Садабаев Ороз долбор иштегенден бери тазалыктын деңгели жогорулап калганын айтты.
«Биздин мектептин тазалык деңгели жакшы тазалык министрлери жакшы иштешет алтынчы күндөрү уборка болуп турат дайыма».
Долбордон мектептин жеңип алуу мүмкүнчүлүгү барбы?
— Биздин толук жеңип алуу мүмкүнчүлүгүбүз болуп атат, ата-энелердин колдосу абдан жакшы болуп атат. Атайын чечим чыгарылып ар бир класс умывальник, салфетка самын камсыз кылабыз дешкен болчу, мурда бир эле умывальник болсо азыр болсо мына 19 умывальник болду. Балдар көнүп жуунуп адатка айланып калды биз алдыңкы орунга жетебиз деп ишенем.
Ишебекова Бегимай колун самын менен жууган адам өмүрүн сактап калат деп, бул абдан маанилүү кайрылуулардын бири экенин баса белгиледи.
«Балдар жана чоң кишилер көп учурда алар колун жууш керектигин билишет да ар кандай себептер менен муну жасашпайт».
Мектептердеги суу санитария гигиена, коопсуз таза ичүүчү суу менен камсыз кылып жакшыртылган санитардык шарттарды түзүп, балдар жана алардын үй бүлөлөрүн өмүр бою ден соолукта болууга алпарат.
Даярдаган: Перизат Нурлан кызы, Бекзада Темирбек кызы