Терек-Суу айылында Токтогул районунун акими жана УОСтун, РЭСтин, Соц. Фондтун, жана ПОМдун жетекчилеринин катуушусунда жыйын болуп өттү. Бул жыйынга Кетмен-Дөбө айыл өкмөт башчысы Советбек Нуржанович жана Терек-Суу, Чон-Арык айыл тургундары катышты.
Бул жыйынга катышкан Токтогул районунун суу бөлүмүнүн башчысы элдин суроолоруна төмөндөгүдөй жооп берди;
«Мен ойлойм Терек –сууда жаз башталганда эле Токон аке баш болуп тракторго цементтерди жүктѳп алып ушул жерде эки жумадай иштешти. Цемент сезонго жетпей калып жатат, ысык сукка чыдабай күзгѳ чейин түшүп калып жатат. Быйыл кудайга шүгүр бул жакта абдан чоӊ ремонт болду. Беш тоннанын тегерегинде цемент кетти. Барчындан латокту чоӊ машина менен сүзүп кулатып кетишти, милиция баш болуп таппай калдык. Бир жылдан бери мен иштеп жатам былтыртан бери эки айыл ѳкмѳтүнѳ теӊ сууну сураган убагында берип жатам. 2015-жылы 22-апрелде суу берилди.»
Айыл тургундарынын суроолоруна Токтогул райондук РЭСтин башчысы буларды билдирди:
«1000 квттан ашканы 2сом 16тыйын ошондуктан кѳбѳйтпѳй , урдатпай биринчи ѳзүнѳрдү сактагыла. Учётчик коюш үчүн үйдүн документинин копиясы жашаган баланын паспортту керек. Анан паспорт болгондон кийин айыл өкмөттөн тактама келет сөзсүз. Анан Жалал-Абадтан компютерден чыгып турат».
Токтогул районунун акими Майор Асанканович айыл тургундарынын суроолоруна төмөндөгүдөй жооп берди:
«Таза суу боюнча проблема бар экенин билем ат көтөргүз проблема бар. Бир да адам сууга акча төлөбөйт. Төлөгөндө дагы квитанция кыркылбайт. Кассага акча түшпөйт. Суу жок деп миң айтсаңар дагы биринчиден сууну сыйлайлы анан өзүбүздү сыйлайлы. Мени бир гана нерсе кубандырып турат таза суу боюнча ишкана ачылган. Анан мусорду да кошуп койгула.
Жердин налогун көтөргүлө былтыр биз көтөрдүк деп жакшы эле көрсөткүчтөрдү айтып жатасынар. Мен билем былтыр көтөргөнүңөрду керек болсо бир гектар жерге 220сом 230сом 260сом эле ушул бойдон калып кеткен. Налогко эч нерсе түшпөй калган.
Бүгүнкү күндө чоң бир саясат жүрүп жатат теплица деген. Теплицаны үйүмө, үлүшүмө бул жердеги ылайыктуу жериме дегендер колуңарды көтөргүлө дагы азыр барам дегендер азыр баргыла. Мен теплица курам дегендер айыл өкмөтүнө келип банктан кредит алып бер десеңер толук кандуу жардам берем. Залогуңарды коюп бере албайм справка алып бере албайм налогторуңарды, сосфондуңарды төлөй албайм өзүңөр аласыңар бирок колдоо көрсөтөм.
Мектептин экинчи имараты боюнча мен билем кабарым бар. Бул мектепти курганга аракет кылалы ушул күздө баштайбыз дебейм бүгүнтөн баштап мен туура кабыл алдым.
Жакшы мамлекетти жакшы Кетмен-Дөбөн жакшы Терек-Сууну курам десеңер ар кимибиздин салымыбыздан көз каранды экенин унутпайлы. Дагы бир жолу жылдын жыйынтыгында өзүнүздөрдүн пикириңиздерди айттыңыздар мен аны туура кабыл алдым «.
Даярдаган:Луиза Айтымбетова
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка.