Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен бирдикте 19-март күнү «Нооруз» майрамына карата 4 жылдан бери сүмөлөк жасап элдин батасын алып келген Ташматова Сагынбү апанын үйүнө бардык.
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Советбек Женалиев Сагынбү апага ден-соолук, өмүр каалап, кыргыз элинин ыйык тамагы болгон, токчулукту чакырган сүмөлөктү жасап жаткандыгы үчүн айылдын ардактуу атуулу деген Грамота ыйгарды.
Түнү бою ыр бий менен сүмөлөк бышырып жатык.
Ташматова Сагынбү «Сүмөлөк» жөнүндө төмөндөгүчө баяндап берди: «Илгери ачарчылык жылдардын бир жазында тогуз баласы бар келин балдары менен жокчулук маалында үйүндө жегенге эч нерсеси жок ачка калат. Балдары ачка болуп жабалактап ыйлашат. Айласы кеткен келин казанга суудан куюп таштан салып, эки өнгөн буудай табып алып аны да салып от жагып кайната берет. Таң атканча кайнатып кудайга жалынып олтуруп уктап калат. Эртең менен турса эле Кудайдын буйругу менен таштын ордуна казанда сүмөлөк пайда болгон экен. Ошол сүмөлөк менен балдарынын курсагын тойгузуп аман калышкан экен».
Ар кандай уламыштарда ар кандай айтылганы менен негизи «Сүмөлөк» токчулуктун тамагы деп айтылып келет. Ылайым кыргыз элибизде токчулук болуп, балдардын ыйы угулбасынчы.
«Нооруз» майрамына айылдын жаштарын ынтымака, сергек жашоого багыттоо максатында валейбол, ордо, чуркоо, футбол оюндары боюна мелдештер өткөрүлүп жеңүүчүлөргө Грамоталар жана акчалай байгелер берилди.
«Акбакай» мультимедиа борбору.