7-8-сентябрьда айыл өкмөтүнүн биринчи кабатында журналистика боюнча окуу болуп өттү окуунун тренери Адина Байсалбекова окуу абдан кызыктуу болгонун айтып өттү.
Өзү биздин окуу абдан кызыктуу болуп өттү.Мен мынчалык көп кыздар келет деп ойлогон эмесмин жыйырмадан ашык волонтёрду окуттум.Көп нерсени үйрөтүүгө жетиштик.Кыздар өтө активдүү катышышты.Эми биздин мультимедияга жакшы иштеп беришет деп ойлойм.Биргеликте түз эфирге чыгууга даярдыктарды көрүп жатабыз.
Ал эми волонтёр катары өзүнүн талантын сыноого келген Азима Нурбек кызы бул окуудан коп нерсени үйрөнгөндүгүн айтып өттү:
Мага бул окуу абдан жакты.Мен өзүмө жана келечектеги жашоомо керек болуучу нерселерди үйрөндүм.Тренинг абдан кызыктуу болду деп ойлойм.Эки эле күн болсо дагы көп нерсени үйрөнүүгө жетиштик.Биз сүйлөөнү,аудио монтажды,сүрөткө сапатуу тартканды,журналистке керек болуучу нерселердин баарын үйрөндүк.Мен мурда бул кесипти абдан оңой элестетчүмүн бирок аркасында көп жумуш бар экенин билчү эмесмин.Рахмат бизге алтындай убактыңыздарды аябай келип окутканыңыздарга.
Дагыда болсо Адина Байсалбекова Чон-Арык айылынын дагы окуучуларына ушундай болгон тренинг өтөөрүн белгилеп өттү.Биздин чакан айылыбызды маданият жагынан өнүктүрүп келе жаткан бул мультимедияга ийгилик каалайбыз.
Даярдаган: Айчүрөк Нурбек кызы.