«Терек-Суу айылында жалгыз ветеринардык дарыкана бар. Айыл тургундарынын айтымында бул дарыкана пайдалуу жана ыӊгайлуу.
“Жеке ишкерликтин үзүрү жакшы болот” дейт ветеринардык дарыкананын ээси Бакыт Чороев.
«Билимим ветеринардык врач. Жаӊы баштаганда ветеринардык негизде баштаганбыз, андан кийин продукты жана башканы саткан дүкѳн ачтык. Төрт адамды жумуш менен камсыз кылабыз. 2009-жылдан баштадык жеке ишкерликти. Аябай эле күч жумшадык, түн уйкудан калып, базардан-базарга жүрүп, шаарга товарга барып жүрдүк. Мээнет аябай эле болду. Карап турсак биздин айылда, райондо дагы ветеринардык дарыкана жетишсиздигин кѳрүп туруп, анан ачтым бул дарыкананы. Жеке ишкер болуу үчүн аракет кылыш керек, тынбай эмгектенсе жеке ишкерликтин үзүрү жакшы болот”, — деп билдирди ал.
Айыл тургуну Назгүл Буканбекова айыл жеринде мал кармалгандыктан мындай дарыкана керек дейт. Бул ветаптека ачылганга чейин Токтогул район борборуна барып дары сатып келүүгө туура келгенин айтат.
“Негизи айыл жергесинде мал багылгандан кийин, бизге мындай ветеринардык аптека керек болот. Мен бул аптекадан дары кѳп эле алам. Дарылардын сапаты мени канаттандырат. Негизи бул ветеринардык аптеканын ачылганына кѳп эле болуп калды. Ага чейин биз малдарыбыз ооруп калганда, районго барып дары алып келчүбүз. Кѳп эле чыгым кетчү. Мисалы, жол кире баасы дегендей, барып келишиӊ 200 сом болуп. Андан сырткары да майда-чүйдѳлѳр бар. Ошол 200 сомго азыр биз жол кире коротпой эле дары алып алабыз. Терек-Сууда бул аптеканын ачылышы жакшы эле болду. Баасы дагы кымбат эмес, элдин чѳнтѳгүнѳ ылайыктуу”, — деген пикирде Буканбекова.
Сынак үчүн