Тоң районунунда изделип жаткан 13 жаштагы Сыймык Акылбек уулу , 21 декабрда Балыкчы шаарында табылды.

Бул тууралуу РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Сыймык саат 17:00 чамасында табылып милиция кызматкерлери аны ата энесине өткөрүп беришти.
Анын апасы Кайыркүл Насированын айтымында, учурда уулунун ден-соолугу жакшы. Бирок ал башка маалымат берүүдөн баш тартты.
Буга чейин маалымдалгандай Сыймык 18-декаабрь күнү 18;00 чамасында үйүнөн дептер сатып алуу үчүн дүкөнгө чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып барган эмес.
Ал 2004-жылы Кара-Талаа айылында төрөлгөн.
Даярдаган: Үмүтай Аттокурова