Тогуз-Торо районундагы Кара-Суу орто мектебинде 2012-жылдан бери Манас таануу интеллектуалдык таймашы өткөрүлүп келет. Бул сынактын негизги максаты ар бир кыргыз атуулуна ата-бабасынын басып өткөн жолун, Ата-мекенге болгон сүйүүсүн, аны даңктоого, ийилип таазим кылууга, жүрөгүнө дайым сактоого, мекенчил болууга үндөө.
Сынак алгач мектептерде өткөрүлөт, андан алдыга жеңип чыккандар райондук таймашка катышууга жолдомо алышат. Шарт боюнча райондук сынакка ар бир мектептен алтыдан окуучу катыша алат. Негизги тайпалардын курамы 8-9–класстардан түзүлөт.
Таймаштын эрежеси боюнча курама топтор төмөнкү шарттарды аткаруусу зарыл:
1.Саламдашуу (Ар бир топ өзүнүн коюлган аттарын коргоп беришет)
2.Үч илтик (бул бөлүмдө топторго Манас, Семетей, Сейтектен үчилтигинен 4 суроо берилет)
3.Сыр куржун (көөнөр сөздөр жана макалдар катылган).
4. Күтүлбөгөн суроо (ар бир окуучуга 1 ден суроо берилет)
5. Серепчиден бир собол (калыстар тарабынан манасчылар жөнүндө берилген суроолорго жооп берүү)
Жакын арада райондук деңгээлде өткөн «Манас таануу» таймашына барып, өзүнүн билим деңгээлин текшерип, республикалык сынакка барууга жолдомо алган 9-класстын окуучусу Маратова Сезимди сөзгө тартканыбызда төмөндөгүдөй жоопторду алдык.
–Бул таймашка баруу үчүн сизде кандай көйгөйлөр жаралууда?
-Таймашка катышуу үчүн улуттук кийим кийүү керек, ошол форманы тиктиргенге жана барып келгенге каржылык жагынан көйгөйлөр жаралууда.
–Бул маселелерди кандай жолдор менен чечип жатасыз?
-Өзүмдүн ата-энем бул милдетти толугу менен мойундарына алды, ошондой эле мугалимдер жамааты, жергиликтүү тургундар жардам берип жатышат.
Даярдагандар: Кемелбекова Тумар, Бекболотова Нуриза.