Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек жана акимдин орун басары Асель Жунусалиева 2026-жылдын 26–27-февраль күндөрү Нарын шаарында өткөн республикалык олимпиаданын III этабында ийгилик жараткан окуучуларды жана алардын мугалимдерин кабыл алышты.

Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Таалайбеков жана мектеп директорлору катышты. Жолугушуунун алкагында ийгилик жараткан окуучуларга жана мугалимдерине райондук мамлекеттик администрация тарабынан ыраазычылык баракчалар жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, алдыдагы республикалык этапта жаңы жетишкендиктерди жаратууга дем-күч берилди.

Эскерте кетсек, Нарын шаарында өткөн олимпиадада №11 Саймалуу-Таш жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу Жыпарбекова Беназир Жыпарбековна кыргыз тили жана адабияты сабагынан I орунду камсыздап, республикалык этапка жолдомо алды.
Окуткан мугалими — Гүлсаадат Мааткеримова.
Ошондой эле республикалык этапка жолдомо алган №1 Т. Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу Рахатхан Каттообеков англис тили предметинен мыкты жыйынтык көрсөттү. Мугалими — Рабилла Асанова.

Мындан сырткары, орус тили жана адабияты, кыргыз тили жана адабияты сабактарынан III орунду №1 Т. Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу Перизат Аттокурова жана №2 А. Абдраимов атындагы жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу Амина Исаева багындырышты.
Окуткан мугалимдери — Нурайым Сулайманова жана Светлана Жусуева.

Жеңүүчүлөрдү жана алардын эмгекчил мугалимдерин чын жүрөктөн куттукташып, районубуздун намысын татыктуу коргоп, жогорку көрсөткүчтөрдү камсыздагандагандары үчүн ыраазычылык билдиришти.

Даярдаган: Анара Мааметова