Тогуз- Торо районундагы Жаңыбаева орто мектебинин мектепке даярдоо орус классына дистанттык түрдө сабак берүү уланып жатат. Кайтарым байланыш үчүн Zoom whatsapp сыяктуу каражаттар менен ишке ашып жатканын мектепке даярдоо орус классынын мугалими Назила Анжанбекова билдирет.
“Теледен көрсөтүлгөн видео сабактардан кийин окуучулар менен Zoom whatsapp тиркемелери аркылуу байланышка чыгып, жаңы теманын мазмунун бышыктап, тапшырмаларды түзуп жатышат. Балдардын катышы жакшы, ата-энелер балдарды телефон камсыз кылып, сабак окууга шарт түзүп берип жатышат”,- Назила Анжанбекова.
Мектепке даярдоо орус классынын окуучусу Айсезим Мейманбекова: «Мага үйдөн окуган жакты. Апалар менен бирге окуп жатабыз. Телевизордон сабактарды көрүп, тапшырмаларды эжекеге кетирип, кайрадан эжейибиз текшерип, бизге баа коюп жатат. Ушул эле окуучунун апасы Камилбек кызы Элиза оюн төмөндөгүчө билдирип кетти:
“Мектепке барып, билим алганга эмне жетсин. Интернет деле жакшы бирок, балдар үйдөн окуп, отуруп, ойноп, көп көңүл болбогондой сезилип жатат”.
Урматтуу ата-энелер келиңиздер, мугалимдердин айтканын угуп, аракетин колдойлу. Балдарыбыздын билим алуусуна, тоскоол болбойлу!
Даярдаган: Анара Мааметова