Бул тууралуу Көк-Ирим айыл аймагынын башчысы Сыргак Борончиев билдирди. Учурда мультимедиалык борбордун ыктыярчылары жана кызматкерлери үчүн окуулар өткөрүлүүдө. Жамааттык мультимедияга иштөө үчүн, Арал жана Бирдик айылынан 3 окуучу тандалып алынды. Андан сырткары борбордун координатору Чолпон Матиева жана техникалык ыктыярчы Нуржигит Кубанычбек уулу иштеп баштады.
Окуучуларга жана жалпы иштей турган жамаатка окутууларды Немец Толкуну Академиясы жана Өнүктүрүү Саясат Институнун каржылык астында Жамааттык ЖМКлардын Бирлигинин атынан медиа тренер Сабыр Абдумомунов жүргүздү. Мындан ары Көк-Ирим айыл аймагынын Арал, Бирдик айылдарыныны жашоочулары жергиликтүү жана өлкөдөгү маанилүү кабарлар менен камсыз болуп турат.
Көк-Ирим айыл өкмөтүндө жалпы 3000ден ашуун эл жашайт.
Даярдаган: Дарийка Болот кызы