«Өнөрлүү адам кор болбойт» дегендей айылдагы Салтанат эне үйдөн бекер отурбастан кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал шырдак, ала кийиз, жылуу кийиз, өтүктөрдү жасайт.
Көп кийиз өтүктөрдү жасап көнгөнүм менен деле баары бир эмгекти талап кылат дейт Салтанат эне:
«Мен кол өнөрчүлүктү апамдан үйрөнгөм. Жасаганыма 2-3 эле жыл болду. Эч нерсе деле жасап сатпайм. Аялдардын үйгө кийген чешкаларын эле, 300 сомдон сатам», — деп билдирди Салтанат Үсөнбаева.
«Кийиз өтүктү жасаганда бир топ эле кыйынчылыгы бар. Көнгөндөн кийин деле бир топ колду, эмгекти талап кылат. Атайын өлчөмү жок өзүм эле көз болжом менен эле жасайм», — деп бөлүштү ал.
«Буларды турмуштун кыйынчылыгынан эмес, өзүм кызыгып эле жасайм», — дейт Салтанат эне.
«Кийиз өтүккө биринчи жүндү даярдап алам. Аны сабап, тазалап, туруп эле чийдин бетине өтүктүн көлөмүн түшүрүп туруп, суудан себем. Анан кол менен илээнет бүтөөр-бүткөнчө. Бир кийиз өтүк 3 саатта даяр болот», — деп айтып берди ишмер айым.
Мына ушундай биздин ишмер айылдаштарыбыз үчүн айылда чакан ишкана ачылса, ошол жактан иштеп жасаган буюм-тайымдары сатылып жакшы акча табышаар эле.
Автору: Адина Осмонова
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка