Токтоянда 1-класстын Алиппе майрамы болду. Бул майрамда кичинекей балдар дикломация (ыр) гана айтышпастан бийлешип, чакан сценкаларды коюшуп айтор өзүнчө шаң менен өткөрүлдү.
«Алиппе майрамынын өтүлгөнүнүн башкы себеби — бул буга чейин балдардын окуп-үйрөнгөн билимин өзүлөрү практика жүзүндө ата-энелерге көрсөтүү болчу. Биз баардыгын көрсөтүп бере алдык деп ойлойм», — деди башталгыч классынын мугалими Гүлзат эжей.
«Бул жерде Гүлзаттын эмгеги чоң. Ошондой эле ата-энелердин көңүл кош эмес экендиги билинип турат. […] Тамгалардын баарын таанып калышыптыр ал жакшы, бирок ошол бойдон таштап салбай кийинкиге да көңүл буруу керек. Майрамыңыздар кут болсун, ушундай ийгиликтер көп боло берсин», — деген куттуктоосун билдирди мектеп директору Калык Албанов.
Жана дагы АДКнын мүчөсү Гулмира эже өзүнүн каалоо тилектерин айта кетти:
«Ар дайым жолуңар ачык болсун
Баскан жолуңар шыдыр болсун
Асманыңар ачык болуп, кабагыңар бүркөлбөсүн!»
Мектеп директорунун орун басары Кенжегүл Куялиева өз оюн төмөндөгүчө билдирди:
«Урматтуу ата-энелер жана мугалимдер жамааты, жаңы мектептин босогосун аттаган кичинекей бөбөктөрүбүздү майрамы менен куттуктайбыз. Кечээ эле эч нерсе билбей келген балдар ыр десе ырдап, бийлеп, ал гана эмес макалдарды, табышмактарды айтышты. Бул да болсо жетишкендик».
Ушундай кечелердин мектебибизде көп-көп болуп турушуна тилектешпиз.
Авторлору: Адина Осмонова, Калыгул Максат уулу
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка