Түп районуна карашту Токтоян айылынын жолу начар болгондуктан, оңдоо иштери жүрүп, жылына эки километрден жасала баштаган. Токтоян-Түп жолу 27 километр болсо, учурда анын 18 километри оңдолгон.
Токтоян-Каракол такси каттамынын айдоочулары автоунаалары тез бузулуп, алардын жумушун актабай жаткандыгын айтышты.
Токтоян айылынын айдоочусу Бактыбек Эсеналиев Каракол шаарына баруу жолу 56 чакырым болгондуктан, күнүнө он литр май куюп барып келет. Ар бир адамдан түшкөн акчасы күнүмдүк чыгашасын кээде актабайт, дейт ал.
“Шаарга барып келгенге он литр май кетет. Машинамдын абалы канааттандырарлык эле. Айына үч-төрт жолу оңдойбуз, бир оңдогондо беш миң сом сарпталат. Күндө шаарга барып келгенибизди кээде актайт, кээде актабайт. Эми ар кандай, күнүнө эки жүз сом табабыз күйүүчү майдан сырткары”, — деп баяндады Бактыбек Эсеналиев.
Айылдын дагы бир айдоочусу Тыныбек Зундунов жол начар болгондуктан шаарга каттаганда автоунаалары тез бузулуп, унаасын күндө ондоп жасоого туура келээрин айтат. Айылдан элдер аз каттаса, барып келген жолун актабай деле калаарын төмөнкүчө түшүндүрдү.
“Менин машинамдын азыр абалы жакшы. Күндө оңдоп турабыз. Шарга барып келгенибизге 15 литр солярка сарптайбыз. Биз айылдарды кыдырып элдерди ташыйбыз. Анан машинаны оңдогондо тапкан акчабыздын жарымынан көбү оңдоого сарпталат”, — дейт Зундунов.
Токтоян айылынын тургуну Аида Абаева жол абдан бузулуп кеткендиктен унаалар жакшы жүрө албай калгандыгын жана жолго кум-шагыл тез төгүлбөй жаткандыгын айтып берди.
“Жол азыркы учурда эң эле начар, жол аңгыл-дөнгүл болуп кетти. Бизде ай сайын, же эки-үч ай сайын жолго кум-таш төгүлбөйт, жолду кырып кетишпейт. Азыркы жол бизди канааттандырбайт, жарым жол жасалган жарымынан көбү жасала элек. Жарымы жасалгыча жасалган жери бүтүп калышы мүмкүн анткени жука куйулуп калды”, — деген оюн айтты Аида Абаева.
Токтоян айылынын башчысы Атабек Албанов, айрым оңдолгон жерлери азыртан эле кайра бузулуп жатканын айтат.
Түп районунан Токтоян айылына чейин 27 километр болсо, анын 18 километри жасала элек.
“Быйыл жасалып жаткан жол Долон айылына жетти. Ал Долон айылынан бери 18 километр жол негизи качан бизге жетери белгисиз. Бирок жылына 2-3 километр жасалып жатат. Акчаны айылдан түшкөн салыктардан жана киреше булактардан бөлүнгөн акчалардан болуш керек деп ойлойм”, — деди айыл башчы Атабек Албанов.
Даярдаган: Дастан Онолбеков
Сынак үчүн