Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинин 8,9,11-класстарына кесипти туура тандоо боюнча тренинг өтүлдү.
Кесиптик билим берүү агенттигинин багыттоочу башкы адиси Бегайым Орозакуновна иш чаранын максаты эртеңки күндө эмгек базарында кайсы кесиптер өтө керектүү экенин балдарга түшүндүрүү деди.
“Бүгүнкү күндө окууну бүтүп жаткан окуучуларга кесипти туура тандоо боюнча маалымат берүү. Эртеңки күндө эмгек базарында кайсы кесиптер өтө керектүү, кайсы кесип менен эмгек базары толуп калган, убагында кайсы кесипти окуш керектигин түшүндүрүү”, — деп токтолду ал.
Борбор калаадагы окуучуларга өтпөстөн алыскы айыл жергесиндеги окуучуларга түшүндүрүп жаткандыгын белгилей кетти ал.
“Өткөн айда Нарын жергесинде 200дөн ашык окуучуларга маалымат бергенбиз. Токтоян айылында орто эсеп менен 50дөн ашык окуучулар катышышып, маалымат алышты”, — деп билдирди.
— Ата-энелер эч качан балдарга кесип тандап бербеш керек, бала кайсыга шыктуу жана жөндөмдүү болсо ошого жараша кесип тандоосу керек. Бегайым Орозакунова
“Өлкө президентибиз айткандай Кыргызстанда экономисттер, эсепчилер, стоматологдор менен эмгек базары толуп калган. Ошондуктан кайсы кесипти окуса туура болот ошолорду байкап туруп, тапшыруусу зарыл”, — деп кошумчалады ал.
Ал эми 11-класстын окуучусу Эмил уулу Кемел тренинг жакшы өтүлдү деди.
«Бул сабак кызыктуу болду. Өзүбүзгө керектүү нерселерди алдык. Мисалы кесиптик окуу жайды кантип туура тандоо керек, буга чейин туура эмес кесип тандап жүрсөм бул сабактан кийин өзүмө кайсы кесип туура келет ошону ойлондум», — деген пикирин айтып өттү Кемел.
“Ушул сабакка чейин эколог болгум келчү, мындан кийин колледжге тапшырып ашпозчу болоюн деп жатам”, — дейт мектеп бүтүрүүчүсү Кемел.
Ал эми 8-класстын окуучусу Нурланова Гүлдана келечекте туура кесип тандоого жардам берээрин айтты.
“Келечекте бул адамга кесип тандоого жардам берет экен. Бул сабакта бир аз акча менен эле билим алууга мүмкүн болоорун билдим. Буга чейин мен өз кесибимди чече элек болчумун сабактан кийин мугалим же экономист болууну чечтим”, — деп билдирди ал.
Даярдаган: Адина Осмонова