Быйыл Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы ѳзгѳчѳ белгиленүүдѳ. Ѳзүнүн каардуулугу боюнча болуп кѳрбѳгѳндѳй салгылашуунун жер дүңгүрѳткѳн жаңырыгы 5 жыл бою басылган жок. Бул кандуу казатка 360 000ден ашуун кыргызстандык жоокер катышса, алардын 150сү биздин айылдан. Ушул согушка катышкан аталарды эскерүү катарында 10-класс кече ѳткѳрүштү.
Аталган класс согуш жѳнүндѳ таасирдүү сценкаларды коюшуп кѳрүүчүлѳрдү жашсыз калтырган жок.
Бул кечеге согуштун ардагерлери дүйнѳ салышса да, алардын балдары, неберелери кѳрүп кетишти. Алардын бири Ырыскелди Ибраев ыраазы болуп тѳмѳнкүлѳрдү айтты:
“Урматтуу окуучулар бүгүнкү коюп берген концертиңерге ата-энелер, мугалимдер жамаатынын атынан чоң ыраазычылык билдиребиз. Балдар бактылуу болушсун, эч качан согуш болбосун. Дайыма ойноп-жыргап жүрѳ бергиле!”
Тарых мугалими Мелис Жээнбеков окуучуларга ыраазы:
“Бүгүнкү кече жогорку деңгээлде ѳттү деп айта алам жана ушундан кийин окуучуларда патриоттук сезим ойгонду деп толук кандуу ишенем”
10-класстын окуучусу Нуркыз Рысалиева “Бул кеченин койгонубуздун себеби, аларга таазим этүү максатында. Биздин чоң аталарыбыз биздин жаркын жашообуз үчүн согуш талаасында курман болушкан. Алардын унутта калышына жол бербешибиз керек” деп билдирди.
Бүгүнкү күндѳ биз согуштун ченемсиз кыйынчылыктары менен азап-тозокторун башынан кечирип, ѳз ѳмүрүн кыйып, күчтүү жана коркунучтуу душманды жеңип чыккандардын унутта калышына жол берүүгѳ акыбыз жок! Алар Ата Журт алдында ѳз парзын абийирдүүлүк менен аткарышты. Демек алардын ысымдары, эрдиктери түбѳлүк жашоого татыктуу!
Даярдаган: Адина Осмонова
Клооптун журналистика мектебине катышуу учун сынакка
iqravoy book of ra