Айыл тургуну Кудайберген Абдылдаев волга үлгүсүндөгү жеңил авто унаны жүк ташуучу унага айландырды. Кайра жасалган жаңы унааны айыл тургурдары ар кандай жүктөрдү ташуу үчүн кызматын колдонуп жатышат.
Жеңил унааны кантип жүк ташуучу унаа кылгандыгын Кудайберген Абдылдаев айтып берди.
“Бул волга үлгүсүндөгү авто унааны жүк ташуучу машинага айландырганымдын себеби айыл чарба иштерине абдан керек болду. Машина толугу менен бир жумада жасалып бүттү. Каражат жактан кыйналуулар болгон жок, үйдөгү керексиз материалдардан курап жасадым”.
Азамат Асангазиев Токтоян айылынын тургуну. Ал жүк ташуучу унаанын кызматына айыл-чарба иштери үчүн колдонуууда ыңгайлуу экенин белгиледи.
“Күзүндөгү айыл чарба иштери үчүн оңой жана ыңгайлуу экен. Бизге пайдасы көп тийип жатат”.
Куз мезгилиндеги жумуштар үчүн бул унааны жардамы чоң жана оңой экенин айыл тургундары белгилешти. Күз мезгилинде оруп-жыйноо жана кышка кам көрүү үчүн бул авто унаа айыл тургундарына жеңилдиктерди келтирүүдө.
Даярдагандар: Нуриса Максат кызы, Адилия Мундукова.
Сынак үчүн