Кочкор районун Төлөк айылынын тургуну Осмон Ысманов атанын үй- бүлөсүнө жыл сайын туристтер келет. Быйыл да туристтер пандемияга карабай байма-бай келүүдө. Алар айылдагы тоолордун бийиктигине, кооздугуна абдан кызыгышат.
Туристтер тууралуу үй ээси төмөндөгүдөй ойлорун билдирди:
«Биздин үй- бүлөбүз менен турист тосуп жүргөнүбүзгө 22 жыл болду. Алардын тилин түшүнүү оңой эле. Көбүнчө туристтерди фирма аркылуу алсак, кез-кезде өздөрү чалып байланышат. Быйылкы келген туристтер биздин айылдын кооздугуна көз артышууда. Төлөк айылы туристтерди өзүнүн ак карлуу тоосу менен суктандырат.»
Үй ээси Франциядан келген туристке жаратылышты көргөзүп жүрүүдө
Ал эми Франциядан келген Базтиян Кыргызстан тууралуу мындай дейт:
«Мен кыргыз өлкөсүнө 2006-жылы келгем. Андан кийин кайра 2009-2010-жылдары келип бүркүттү изилдедим, кыргыз тилин да үйрөнгөнгө жетиштим. Азыркы убакта ак илбирс тукумун изилдеп жатам. Нарын облусундагы Сары чатыр жеринде иштейм. Мен ал жактан жапайы жаныбарларга камера коюп, аларды сүрөткө тартам. Мен тарткан сүрөттөрдү башка жактан келген туристтер көрөт. Төлөк айылы мени өзүнө тартты. Тоолору ак, кудум калпакка окшош.
Кыргыз өлкөсүнүн тоолору жаратылыш менен өзүн көрккө бөлөп келет. Эли болсо меймандос, кең пейил калк.»
Тоого кызыккан турист ак карлуу тоонун көбүн кыдырган
Айпери Айбек кызы