Кыз баланы да уул баланы да жашы жеткен сайын “качан үйлөнөсүң”, “качан турмушка чыгасың” деген көп суроолор ээрчийт. Бул көпчүлүк жаштардын кыжырына тийген сөздөрдүн бири. Сурап койгондор үчүн анча мааниге ээ болбогону менен, уккан тарап ар кандай абалда болот.
Бүгүн биз көпчүлүк бойдок жаштарды кыжырданткан же ыңгайсызданткан суроолорго токтолуп, мындай сөздөр этикага жатабы, уккан тарап кандай абалда болот, кандай жыйынтыкка алып келет деген суроолорго жооп издейбиз. Алгач Суусамыр жаштарынын өзүнөн чогултулган сурамжылоого көңүлүнүздү бурабыз. Албетте ар кандай ойлор айтылды. Арасында мындай создөргө маани бербей, түз кабыл алгандары да бар:
“Окууну бүттүңбү үйлөн деп үгүттөгөндөргө рахмат. Ошентип турушсун. Алар эми жакшы нерсе гана каалап айтат. Бизди үй бүлөө куруп, бактылуу болсун деп айтышат да.”
“Качан күйөөгө тиесиң деп сурай беришет. Кайсы күнү экенин айталбайсың да. Бардык нерсе кудайдын буйругу менен деп ойлойм. Өз адамыңыды таап, өзүң да моралдык жактан даяр болуш керек дегендей. ”
“Качан үйлөнөсүң деген суроо тажатып жиберет чынын айтсам. Эми мен деле өзүмө туура келчү, бири бирибизди түшүнө турган адамды издеп жатамда. Баарынын өз убагы болот деп коет го. Шаштыруу туура эмес деп ойлойм.”
“Мындай сөздөр “кандайсың, эмне жаңылык” деген сыяктуу күнүмдүк эле сөздөргө окшоп баратат. Эркек балдарга 23 жаштан ашып калганда ушундай сөздөр айтылса, кыздарды мектепти аяктаары менен эле эми качан күйөөгө деп сурап башташат. Моралдык жактан туура эмес деп эсептейм. Ал адам чын эле убактым өтүп бараткан турбайбы деп ойлонуп, кыжырданышы мүмкүн.
Гендердик эксперт Гүлбарчын Жоомабаева жаштарды ар кандай айтылган сөздөргө маани бербестен, эч качан шашпастан, өмүрлүк жарын байкап, бир үй бүлөө болуп жашап кетээрине көзү жеткен соң гана турмуш курууга чакырат:
“Мындай стереотиптер бүгүнкү күндө кыз жана уул баланы да жабыркатып, тагдырында туура эмес жол тандашына, бактылуу боло турчу жарын туура эмес тандоосуна түрткү берүүдө. Бизде тааныштыра калалы, үйлөнтө калалы деп эле турабыз. Бул таптакыр туура эмес. Сөзгө эмес, болочок жубайдын ошол учурдагы абалына караш керек. Алардын дүйнөгө болгон көз карашы бирби, жашоодогу баалуулуктары кандай, үй бүлө кургандан кийин багып кете алабы деп көз салуу керек.”
Психолог Самат Аалканов уккан тараптын арасында адам менен таанышуудан уялган, мамиле кура албаган адамдар же буга чейинки жашоосунда жагымсыз окуяга туш болгондор болушу мүмкүн деп баса белгиледи:
“Мындай суроолорду берип жаткан адамдардын ичинде ар кандай ишенимдер, стереотиптер бар. Алар ойлойт, кеч болуп кетет, эл эмне дейт деп. Ал сөздү уккан жаш кыз, бала көбүнчөсүндө ооба туура, үй бүлө курушум керек деп ойлонот. Бирок ошол эле кезде адамдын ичинде конфликт башталат. Кыжырланат, адамга таарынат. Натыйжасында ушундай абалдан (ситуациялардан) кача баштайт. ”
Берүүнү жыйынтыктап жатып мындай сөздөрдүн туура эмес экендигин, этикага туура келбестигин эскертип айтабыз!
Зыйнат Самар кызы